Жээренче чечендин урпактары болуп калышыбыз мүмкүн

Рысбай Исаков:   Кыргыздын сол канатына кирген Базыс уруусунанмын. Жээренчи уругу. Тоймат уулу тукумуна кирем. Биздин ата-бабалар кыргыз-кыргыз болгону, кыргыз атка конгону ар кайсы жерлерди жайлаган. Азыр туруктап турган жерибиз - Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Жазы-Дайра жээгиндеги Жээренчи айылы.

   Бабалардын айтканына караганда, ал жерге барып калганыбызга көп деле мезгил өтпөгөн. Арасы 200 жылды камтыйт. Кыргыздар көчүп-конуп, ар кайсы жерди туруктап турган. Бир эле калмак жапырыгында кыргыздардын канча ары ооду, бери ооду учурлары болгон. Биздин уруу Базыс уруусу, Ак-Талаа менен чектеш болгондуктан негизги топ ошол Ак-Талаада турат. Калганы ар кандай себептер менен, каатчылыктан, жер тартыштыгынан ж.б. себептерден улам келип Өзгөнгө туруктап калышкан. Ага чейинки санжыра боюнча андан мурда Базыстар Калмак жапырыгына чейин Таласты жердеген деп да айтышат. Булар уламалар. Алардын чын-төгүнүн изилдеп көрүш керек.

 Ал эми өзүбүздүн уругубуз Жээренчи тураасында айтсак, кадимки Жээренче чечен менен байланыштырып жүргөндөр бар. Тарыхый тактоолорго келгенде, көптөгөн суроолор туулат. Биринчи Жээренчинин кайсы мезгилде, кайсы доордо жашаганын толук таппай жатабыз. Азыркы илимий-изилдөөлөрдө деле табылбай келет. Экинчиден, Жээренче жеке кыргызга эле эмес, казактарда да, татарларда да айтылып жүрөт. Буга караганда, бул улуттар мурун бирге турган, бир мамлекеттин алдында турган учурларда жашагандай таасир калтырат. Ал эми санжыралай сүрүштүрө келгенде, Жээренче атабызга жети атадан кийин барып эле кошулуп калабыз. Анда 200-300 жылды эле камтып калып жатат. Мунун ортосунда кээ бир уруулардын аталыштары, ортодогу эки-үч ата калып кетип, тарыхта ысымы белгилүү болуп калгандар гана айтылып калган учурлары көп кездешет. Ошондой болуп калышы мүмкүн. 

  Болмуш айтып жүрүшөт. Жээренченин өз баласы Төлөмырза өзү калпты көп айткан бала болот. "Элик атсам кулагынын учу менен туягынын учун тийип, аман кутулуп кетти"- деп апыртканда, - "А балам, туягы менен кулагын кашып отурганда аткан турбайсыңбы" – деп атасы сөз таап кетет эмеспи. "Ат жалына казан ас" десе, аттын жалын өрттөп жиберген, "узун жолду кыскарт" десе жерди кетмендеп жиберген, ушундай бир оргу-баргы бала болгон  деп айтылат. Ал эми Казактардан алып карай турган болсок, Төлөмырза Асан Кайгынын баласы болот. Мына ошондон улам Жээренченин билгиси да, жиндиси да болот деген сөз калган. Жиндиси Төлөмырзаны тартса, билгиси Жээренченин өзүн тарткан болот дегени. Анан туруп биздин урууну карап чын эле Жээренченин урпактарыбыз го деп ойлоп коем. Бул маселени териштириш көрүш керек.

 Жээренче биздин бабабыз болуп калышы мүмкүн деген пикирде мен бир окшоштукту таптым. Баткендиктер Токтогул ырчы Баткенде төрөлгөн деген маалыматты айтып жүрүшөт. Кийинки убактарда санжырада өз көмөчүнө күл тартмай, санжыраны бура тартмай нерселер көбөйүп кетти. Канчалык анык-чын экенин далилдеш керек. Мурунку маалыматтарга караганда Жээренче Кудаяндын тушунда турган. Кудаян болсо, Кудаян калмактан жапырылгандан кийин, кыргыз Ысар-Көлгө кирген мезгилде, кара көпөлөк айдаган мезгилде болгон деп тарыхта көп вариантта айтылып жүрөт. Аксак Темирдин тушунда 1400-1500 жылдарда жашаган деп да айтылат. Андан бери 500 жыл болуп жатат. Ал эми биз санжырага келгенде ошол кезде болуп калышы толук мүмкүн. Муну айтканым, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Асан Кайгылар замандаш болгон. Кудаянды (С.Закировдун изилдөөлөрүнө караганда) Аксак Темирден буйрук алып, Өзгөндү ордо кылып турган делет. Демек Кудаян Өзгөндү ордо кылып турган мезгилинде жогорку аты аталган аалымдар жашаган. Бирок бул жерде дагы бир карама-каршы пикир чыгып жатат. Себеби бул Өзгөндү жердегендерине 500 жыл болуп жатат. Ал эми биздин изилдөөлөргө караганда 200 жылдын ичин гана камтып калат. А балким келип-кетип тургандыр. Ал мезгилде желгенин жел, конгонун кокту гана билген заман болгон. Кудаян Өзгөндү ордо кылып, кыргызды ислам динине киргизем деп Аксак Темирден буйрук алган дешет. Ошондо Жээренче чечен Кудаяр хандын тушунда, Бердикенин тушунда, Жаныбек хандын тушунда жашаган замандашы болсо, анда ошол Жээренче чечендин урпактары болуп калышыбыз мүмкүн. Андан артык так маалыматты билбейм.

Автор: Тажиева Кыял Кенжебековна
15.06.2011 11:24

Drupal 7 Appliance - Powered by TurnKey Linux