Советбек Байгазиев: Санжыра – кыргыз маданиятындагы өзүнчө бир феномен.

15.06.2011 Советбек Байгазиев: Санжыра – кыргыз маданиятындагы өзүнчө бир феномен. Санжыранын жашашы, сакталып калышы, бүгүнкү күндө да активдүү роль ойноп жатышы бул кыргыз элинин өзүнүн тарыхый спецификасына байланышкан деп айтсак болот.

Мисалы үчүн Европада биздин ерага чейинки тарых кагаз бетине түшүп калган. Летопись бар. Айрыкча орустарда да X кылымдарда летописке эмне окуялар болуп өткөнүн жазып калтырган. Биздин тарых да илгерки тарыхта жазылган эле болуш керек. Рун жазмасы менен же уйгур жазмасы менен өзүбүздүн эле кыргыз тарыхчылар жазган чыгар. Анан бирок согуштарда, кыргындарда ошол тарых жок болуп кеткендир. Байыркы кыргыздар колдонгон рун жазмалары, же араб жазмалары мененби Кыргыз жазбай коюшу мүмкүн эмес. Себеби, Чынгызхандын учурундагы согуштарда түрк библиотекалары өрттөнүп кеткен. Далай боз үйлөр өрттөнгөн, аны менен кошо китептер өрттөнгөн. Чоң баскынчылык согуштарда жанагыдай китептердин өрттөнүп турганы, тарыхтын жоголушуна себеп болгон. Кийин ушундай бир доор келген эл туташ сабатсыздыкка, кайра бир төмөндөө доору башталган, ар кандай империялардын тепсендисинде эркиндик үчүн күрөшүп жүрүп анан кыргыз эли 20-кылымга чейин өзүнүн тарыхын оозеки сактоого туура келген. Көчмөнчүлүк, ушундай шарттарда тарыхый оозеки сактоого аргасыз болушкан. Анан санжыра ушундан келип чыккан. Бүгүн активдүү жашап жатканы тарыхтан өзүбүздүн издерибизди издейли десек жазма булактарда жок. Мисалы Кытайлардыкында бар экен, араб перс жазмаларында бар анан кыргыз жазмалары, өзүнүн жазмасы, кийин араб графикасын пайдаланса дагы табылбай, анан санжырага таянып жаткандыгыбыз ошондон.

Ошентип кыргыздардын тарыхы санжырада сакталып калган. Эми санжыра бул илимий булак эмес. Кээ бири адашып, чаташып кетиши мүмкүн. Бирок ошол кыргыз тарыхынын негизги өзөгүн ушул санжыра аркылуу кагазга түшүрөбүз. Бирок ал илимий булак болбой, оозеки жашап келген тарых болуп жатпайбы. Бирок кыргыздын тарыхы үчүн зор роль ойнойт. Эмнеси болсо да биздин тарых санжырада сакталып калган. Анда элдин көз караштары, дүйнө таанымы да чагылдырылган. Санжыра кыргыз үчүн чоң маданий-тарыхый мааниге ээ.

Автор: тажиева кыял кенжебековна
15.06.2011

Drupal 7 Appliance - Powered by TurnKey Linux