"Айгиненин” аракети таланттардын берекети

Акыркы жылдары кыргыз элинин улутту көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатын көздөгөн уюмдар “Манас Ата” коому, “Манас кут Ордо”, “Манас Ордо”, “Ыйык Ата-Журт” жана “Манас Эл кыймылы” сыяктуу патриоттук духта уюшулган коомдордун жасап келе жаткан иш-чараларынын натыйжасында жалпы кыргыз элинин духу, руху ойгонуп келе жаткандай.

Жогоруда аталган коомдордун Манас эпосун жайылтуудагы иш-аракеттери абдан зор жана ар кандай багытта жүргүзүлүп келет. Ал эми “Айгине” маданий изилдөө борбору да Манасчылык өнөрдүн сакталып калышы, муундан-муунга мурас катары өтүшүн негиз тутушуп манасчыларга илим-билим тарабынан көмөк көрсөтүү максатында иш-чараларды жүргүзүп келишет.

“Башканы коюп Манасты айт” демекчи кезегинде Манасчы С.Каралаев мекеме уюмдарда, жыйындарда манасчылардын өнөрүн өркүндөтүү туурасында сөздөрдү көп сүйлөп, бушайман болуп: “Келечекте манасчыларга камкордук көрүлсө экен” деп айткан сөздөрүн замандаштары эскерет. Ошол улуу устат, Саякбай Карала уулунун айткан сөздөрү бүгүнкү муунга керээз катары айтылып калгандай туюлат.

20-кылымдын гомери, Саякбай атабыздын ошол кереээзи бүгүнкү күндө кандайдыр бир деңгээлде “Айгине” маданий изилдөө борбору тарабынан аткарыла баштагандай. Бул жакшы жышаана. Ф.и.д., Гүлнара Айтбаеванын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын негизги жалпы максаты келечек манасчыларды тарбиялап чыгаруу, башкача айтканда Манасчылар мектебин түзүү болуп саналат. Мына ушул максатты ишке ашырууда “Айгиненин” демөөрчүлүгү менен жалпы Кыргызстан боюнча жети дубандан түрө кыдырып жаш манасчыларды издештирип, Талас, Чаткал, Кочкор, Ысык-Көл өрөөндөрүнөн чыккан чыныгы түш аркылуу аян алып Манас айткан жаш манасчылар Замир Баялинов, Рысбай Исаков жана Камил Мамадалиев ж.б манасчылардын көрсөтмөлөрү астында төмөндөгү критерийлер менен тандалып алынды:

1. Манасты айтып калууда түш аркылуу аян алуусу

2. Манас айтып жаткандагы абалына, айтуу ыкмасына, айтуучулук чеберчилигине

3. Журум-турумуна

4. Жан дуйнөсүнүн кабылдоосуна жараша

5. Эмнеден таасир алгандыгына (түш көргөнбү, көзүнө көрүнгөнбү, же жөн эле кызыктыбы)

6. Жаттап айткан манасчылардын дилгирлигине, кызыгуучулугуна, берилгендигине

7. Чон манасчылар өзүнүн ички туюму, интуициясына жараша да тандап алышты. Өзүнө шакирт кылып, тарбиялап алууга чон манасчынын тандап алуусу да бул устат менен шакиртти жолуктурган кудайдын буйругу болду окшойт.

Жогорудагы аталган критерийлерди эске алып, манасчылыгын андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тогуз жаш манасчыны тандап алышты.

Эл ичи өнөр кенчи демекчи, дагы да болсо уучубуз кур эмес экен. Өрөөндөрдү кыдырып, жаш манасчыларды издөөдө түрдүү –түрдүү таланттарды кездештирдик. Сейдене манасчы апабыздын да жолун жолдогон манасчы кыздарыбыздын чыккандыгы жүрөк сүйүнтөрлүк иш болду. Көрсө, Манас эпосун жайылтууда кыздардын да салымы зор боло тургандай. Бирок, чоң Манасчылардын айтуусунда кыздардын Манас айтуусу эркекке балдарга караганда түйшүгү көп боло тургандыгын эскертишти. Себеби, аялзатынын бул түйшүктөн башка дагы үй-бүлөнүн жүгү да женил эмес. Бирок кудай берген талантты бакпай таштап коюу да туура эмес. Мына ушундай жаш манасчылардын туңгуюкка кептелген абалдан алып чыгууда, үйрөнчүк манасчылар жаңыдан аян алып, Манас айтып келе жатканда руханий кыйынчылыктарга дуушар болушу, мына ошону жеңип кетүүнүн кандай жолдору бар, эмне кылуу керек. Кандай чара көрүш керек, ошол туурасында чоң манасчылардын кеп кеңешин угуу, алардын турмуштук тажрыйбаларынан алып ж.б. айтуу ыкмасын үйрөнүү, окуяларды чаташтырбоо, бирдей ыргакка салып айтуусун жөнгө салуу сыяктуу маалымат менен камсыздандыруу максатында чоң манасчылардын катышуусунда он күндүк окуу-семинары болуп өттү.

Илгертеден кыргыздарда устат шакирт маселеси, муундан муунга мурас болуп кала турган баалуулуктардын негизин түзүп тургандыктан, бул иш-чараны баштоодо жалаң гана Манасчылык өнөр менен гана чектелип калбай, айтылуу заманыбыздын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун “Эн белги” системасы боюнча комуз үйрөнүү боюнча семинары да уюуштурулган. Максаттары:

 

  • «Эн Белги» ыкмасы жана аны менен комуз үйрөтүүнү тааныштыруу;
  • Комуз аркылуу руханий дүйнөгө багыт алуу;
  • Элдик күүлөрдүн оозеки тарыхын үйрөнүү;
  • Ата-бабалардын күүлөрү менен руханий дүйнөнү байытуу

 

Семинар негизинен орто жана музыкалык мектептердин музыка сабагынын мугалимдерине, жогорку музыкалык окуу жайларынын жана музыка бөлүмдөрүнүн мугалимдерине, «Эн Белги» ыкмасы боюнча жаш таланттарга комуз үйрөтүүнү өнүктүрүүгө жана окутууга кызыккандарга, салттык билимди изилдөө жана өнүктүрүү иши менен алек болгондорго арналган. Жалпы Кыргызстандын өрөөндөрүнөн кароо-сынак боюнча 16 комузчу тандалып алынып, 18-майдан 22-майга семинардын биринчи этабын өткөрүштү. Семинардын негизги жүрүшү Нурак Абдырахмановдун «Эн Белги» ыкмасы боюнча комуз үйрөтүүгө окутуу. 17 ноталык системадан турган «Эн белги» ыкмасы Нурак Абдырахмановдун көптөгөн жылдар бою изденүүсүнүн негизинде иштелип чыккан музыкалык ыкма. Автордун айтуусунда, бул ыкма кыргыз комуз күүлөрүн так, даана жана оңой жол менен жеткирип бере алат. Семинардын катышуучулары 2010-жылы Кристенсен уюмунун каржылоосунун негизинде «Айгине» маданий изилдөө борбору тарабынан ишке ашкан

Эн Белги менен комуз үйрөнүү китебинин негизинде сабак алышты.

Семинарга катышуу – акысыз болуп, катышуучулардын жол киреси, жатаканасы жана тамак-ашы “Айгине” маданий-изилдөө борборунан каржыланды.

Ал эми жайкы семинар 1-12-июлда Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде Манасчылардын семинары менен катарлаш улантылды.

Кудай берген талантты таптап, алла берген өнөрдү аркалап келаткан өнөр адамдарын көтөрмөлөп, көмөк берип келаткан “Айгине” маданий изилдөө борборунун алдыдагы иш-сапарлары жемиштүү болду деген ойдобуз.

12.07.2011

Drupal 7 Appliance - Powered by TurnKey Linux