Кыргыздар түркөй эмес, түптүү эл

Russian

Кыргыздар, өз баалуулугубузду биле жүрсөк. "Кыргыз түркөй, малдан башканы билген эмес" деген кептер да көп. Бирок ошол эле тоодо жүрүп, терең философияны, ден соолукка, сулуулукка кам көрүүнү цивилизацияга жеткен элден кем билген эмес.

Улуттук мурасты жайылтуучу фонддун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов бул тууралуу айтып берди.

ЭЛЕЧЕК – КЕЛБЕТТҮҮЛҮКТҮН ПАЙДУБАЛЫ

Кыргыздар илгертеден баш кийимге өзгөчө мамиле кылышкан. Улуттук баш кийимдерибиздин бири элечек оромуна жараша 3, 5, 7, 9 ором деп бөлүнөт. Орому аз элечектерди көбүнчө үйдө жумуш кылып жүргөндө кийишкен. Ал эми орому чоңдорун сыйлуу деп эсептешип, көчүү убагында, тойлордо эл аралай кийип чыгышкан. Элечектин дагы бир сыры, муну кийген айым эч убакта башын жерге салып жүргөн эмес. Оор болгондуктан, башты дайыма түз кармоого мажбурлайт. Эң негизгиси, көчүү учурунда, келиндер көз жарып калса же тоо-таштан жыгылып, бир жерин сындырып алгандар болсо, таңылып калган жүктү чачып отурбастан, жалаяк жана шак-шак койгонго элечектин оромун жазып, айрып жиберип абалдан чыгышкан. Ошондой эле жаш наристелер кокустан чарчап калса, кепин катары да пайдаланылган (чоңдордун сөөгүнө өтө олуттуу мамиле кылышкандыктан, аны атка артып алып кетишкен). Элечектин кулак, жаак моюндарды жаап тургандыгы, биринчиден, сууктан коргосо, экинчиден, кене, чиркейлердин чагып алышынан сактаган. Айымдарга көрк берип, бойлуу көрсөткөн элечектин мындан башка да сырлары көп.

ЧАЧ ӨРҮМҮНӨ КАТЫЛГАН СЫРЛАР

Кыргыздар келинди чачына карап тандашкан. Эгерде кыздын чачы узун, калың болсо, аны дени сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп келишкен. Чачы жакшы өспөй, суюк болсо, муну оорукчан же чачын жакшы күтө албаган жалкоо деп билишкен. Кызыктуусу, бойго жеткен кыздардын чачын 40 кылып өргөнү “кызым бойго жетти, куда түшүп келсеңер болот” дегенин билдирсе, эки өрүм чач үй-бүлөлүү дегенди, бир өрүм жесирликтен кабар берет. Жолдошунан жаңы айрылган аял чачын жайган, бул “жан дүйнөм чачырады, аска-зоом урады”дегенди билдирсе, ашын бергенден кийин “өзүмдү бекем кармаймын” деген мааниде чачын өйдөгө түйүп алган. 
Ал эми чач учтук болсо, дене бойду түз кармаганга жана каалгып басканга шарт түзгөн (учурда чач учтук менен бассаңыз, моделдерди артка калтырасыз). Ошондуктан мурда азыркыдай омуртка оорулары көп кезиккен эмес. Чачпак жез, коло жана күмүштөн жасалып, аны чачына таккан айым шагыратпай басууга тийиш болгон. Демек, мында басуу маданияты да камтылган. Эң алгачкы чач учтуктар металл колдонула электе үлүлдүн уясынан жасалган экен.

 

АРКАР ТӨШТҮҮ, КЫМЧА БЕЛ, КЫЗДАРЫ СУЛУУ КЫРГЫЗДЫН

Белдемчи кыргыздын эң байыркы жана даанышман эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Анын топчусунун жоктугу, топчу пайда боло элек доордо эле энелерибиздин кийип жүргөндүгүнөн кабар берет. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, атка минүүгө ыңгайлуу, бели калыңдалып тигилип, бөйрөктү сууктан сактайт. Андан тышкары жаңы көз жарган келин-кесектер үчүн белди бекем бууп, кош бойлуу кезде чоюлуп, чыгып калган курсакты тартууга алмаштыргыс кийим (азыркы курсакты тартуучу резина белдиктерди элестете бериңиз). Бел дайыма кысылып тургандыктан, кыргыздын келиндери кымча бел келишкен. Ошол эле учурда белдемчиде азыркыдай өлчөм деген жок, арык чырайына да, толмочуна да ырас келе берет. Бели менен этегине сайма сайып, кундуздун териси менен кырларын кармап койсо, өтө кооз болуп, элибиздин акылмандыгын дагы бир ирет далилдей түшөт.

 

ТУРУП ТӨРӨӨ КЫРГЫЗДАН КАЛГАН

Учурда “батыштан келген жаңы ыкма боюнча айымдар туруп көз жарып жатышат. Мындай ыкма менен төрөт жеңил болот” деп айтып жүрүшөт. А кыргыздар илгери эле боз үйдө баканды кармап туруп төрөп келишкен. Мындай ыкмада бала өз салмагы менен ылдый жүткүнүп, энесине төрөт жеңил болгон. 
Жаңы төрөлгөн баланын киндиги кесилер замат энесинин чачынын учу менен таңдайын сайгылап, аны кустуруп, май менен оозандырышкан. Бала ичтен чыгып келатканда чарайнанын суусун жутуп алган болсо, аны кусуп салат да, кийин торолгонго чейин көп куспай калат. Андан тышкары төрөттөн кийин кыргыздар баланын тонуна чоң маани беришкен. “Аны бут баспаган жерге көмүп койбосо, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосу кийин оор болуп калат” дешкен.

 

ЖЕТИ АТАБЫ ЖЕ ДНКбы?

“Жети атасын билбеген кул” деп айтышкан кыргыздар. Бул дагы бекеринен эмес. Биздин заманда гана илимий жактан ДНК хромосомдор 7 ата өткөндөн кийин тазаланып, бири-бири менен баш кошсо болорун аныкташса, кыргыздар муну тээ илгери эле билишкен. Жети ата өтмөйүн баш кошушкан эмес. Азыркы күндө бул нерсеге маани берип, териштирүү токтогондуктан, майып балдардын саны да күн санап өсүүдө.

Чолпон Сүйүнбаева

Супер инфо

19.07.2011

Drupal 7 Appliance - Powered by TurnKey Linux